Закирова: салык төлөбөгөндөргө Кайгуул милициясы рейд жүргүзөт
Салык төлөбөгөндөргө Кайгуул милициясы рейд жүргүзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды методологиялоо бөлүмүнүн башчысы Айгүл Закирова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, Мамлекеттик салык кызматы автоунаа, турак жай жана жердин салыгын 1-2-сентябрга чейин төлөө керектигин эскертет.
"Автоунаа салыктарын 1-сентябрга чейин төлөө керек. 2-сентябрдан тарта салык кызматы менен биргеликте Кайгуул милициясы рейд жүргүзөт. Ошондо салык төлөбөгөндөргө айып салынат", — деди Закирова.
Ал айыптын баасы 2 миң сом экенин кошумчалады.