Кыргызстанда биринчи жолу беш өлкөнүн жаачылары ат салышат

Жазылуу
Мелдешке Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Бангладештин спортчулары катышат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу олимпиадалык жаа менен ок атуу боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, эл аралык мелдеш 22-августтан 25-августка чейин Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайында өтөт. Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Бангладештен келген спортчулар катышат.

Анда Кыргызстандын намысын 11 жаачы коргойт. Спорттук иш-чара коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналып уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0