БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкекке Москва шаардык Думасынын депутаттары расмий делегация менен келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Делегацияны Москва шаардык Думанын төрагасы Алексей Шапошников жетектеп келет.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары расмий делегация менен Москвага барган.
Москва делегациясы Кыргызстанда беш күн болот. Иш сапардын алкагында бир нече расмий жолугушуулар болору күтүлүүдө.