БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. 17-18-август күндөрү Бишкек, Токмок жана Кант шаарларынын айрым аймактарында газ өчөрүн "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 17-августта саат 8:00дөн 17:00гө чейин Кант шаарынын 2-кичирайондогу №23-29 үйлөрдө, ушул эле күнү Токмок шаарындагы Өзбек көчөсү №96-110, Пушкин көчөсү №179-187 үйлөр менен Шамсинкий көчөсү №140-146 дарегинде жайгашкан үйлөрүндө жаратылыш газ өчүрүлөт.
Ал эми 17-18-августта Бишкектин Төкөлдөш конушунда, Гагарин, Шота Руставели, Тынчтык проспектисиндө газ жок болот.
Мындай аракеттер оңдоп-түзөө иштеринен улам жасалууда.