БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанда эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте өтчү кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында чек ара маселеси талкуланып, ага кыргыз тараптан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышат.
Буга чейин да Наманганда Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек арасы боюнча протолколго кол коюлган.