БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Голливуд жылдызы Том Круз "Ишке ашпаган мүдөө" (Миссия невыполнима) тасмасынын алтынчы бөлүгүнө тартылып жатып жаракат алды. Ал чуркап келип секирген учурда дубалга урунганын TMZ басылмасы жазды.
55 жаштагы актер тасма учурунда трюктардын көбүн өзү жасаганга аракет кылат. Күтүлбөгөн окуя 13-августта, жекшемби күнү болгон. Круз секирип жатып, алдындагы дубалга жетпей ага урунган.
Режиссер Брайан Де Пальманын "Ишке ашпаган мүдөө" тасмасынын биринчи бөлүгү 1996-жылы жарык көргөн. Андан бери төрт бөлүгү тартылган. Тасманын алтынчы бөлүгү 2018-жылдын июль айына пландалууда.