БИШКЕК, 12-авг. – Sputnik. Пекин шаарындагы эл аралык "Шоуду" аба майданында бүгүн эртең менен 268 каттам жаратылыш шарттарынан улам үзгүлтүккө учурап, учактар учпай калды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Пекиндин убактысы менен алганда саат 10до пландалган 598 каттамдын ичинен бир топ учак абага көтөрүлбөй калды. Өзгөчө ички каттамдар кан буугандай токтогон.
Ал эми азыраак каттамдар көп убакытка кечиккени менен баары бир жөнөтүлдү.