Кудайбердиева: быйылкы окуу жылында 478 мугалим жетишпейт
Быйылкы окуу жылында математика, физика сабактары боюнча мугалимдер, башкача айтканда, 478 окутуучу жетишпейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Чолпон-Ата шаарында өткөн августтук кеңеште айтты.
"Салтка айланып калгандай эле табигый предметтер боюнча мугалимдер жетишсиз. Беш жыл мурда жалпы жонунан 3800 мугалим жетишпесе, быйыл 478 эжей-агай жетишпейт. Негизинен бул багытта жылыштар бар", — деди министр.
Кудайбердиева аталган маселе министрликтин көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.