БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп Ренат Макенов дайындалганын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Ренат Макенов шаар жетекчиси Албек Ибраимовдун 8-августтагы жарлыгына ылайык бул кызматка бекитилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин бул ишти аркалаган Эрнис Зарлыков өз калоосу менен жумуштан кетүү арызын берген.
Кесиби боюнча экономист Макенов буга чейин мэриянын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.