БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстанда угуусу начарлар арасында мини-футбол боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 15-августтан 20-августка чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага Казакстан, Өзбекстан, Россия, Кыргызстан жана Белоруссиянын спортчулары катышат.
Спорттук иш-чараны өткөрүүгө спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 50 миң сомго жакын акча каражаты бөлүндү.