Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Тоолуу райондордо жаан жаашы күтүлүп жатат

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. 10-августта күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Оштогу жайкы эс алуу: табышмактуу үңкүрлөр, көк тиреген чоку жана байыркы урандылар - Sputnik Кыргызстан
Оштогу жайкы эс алуу: табышмактуу үңкүрлөр, көк тиреген чоку жана байыркы урандылар
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда 31…36 градус ысык болсо, Таласта абанын температурасы 35 градуска чейин жогорулайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде термометрдин көрсөткүчү 32…37 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 26…31, ал эми Нарында 27…32 градус ысык болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күндүн табы 33…35 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0