БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. 1-3-сентябрь күндөрү Бишкектеги соода борборлорунун биринде адал продукция менен кызматтардын VII жарманкеси өтө турганын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Иш-чара Курман айтка арналат.
"Жарманкеге Кыргызстанда жана чет мамлекетте "Адал" стандарты боюнча сертификациядан өткөн соода маркалары катышат. Мындан тышкары, Малайзия, Россия жана Казакстандан дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер чакырылат", — деп айтылат билдирүүдө.
Былтыр Курман айт 12-сентябрда белгиленип, эс алуу күнү деп жарыяланган. Быйыл айт качан болору айтыла элек.