БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кочкор районунун Усубалиев атындагы айылдагы 30дай үйдү жер алдынан чыккан суу каптап жатканын аймактык кабарчы билдирди.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындай ири көлөмдөгү суу буга чейин чыккан эмес. Учурда көлкүлдөгөн суу жер төлөлөргө толуп жатат. Тиешелүү тараптардан жардам болбогондуктан тургундар өздөрү арык казып, сууларды агызуу аракетин көрүп жатышат.
Айылдын жашоочусу Канатбек Алымкулов бул маселе менен айыл өкмөтүнө, акимге, ӨКМдин райондук бөлүмүнө баргандыктарын, бирок бир жумадан ашуун убакыт өтсө да эч кандай жардам көрсөтүлбөгөнүн белгиледи.
"Айыл башчы келип, кырдаалды көрүп жардам болорун айткан. Акимге барсак эмгек өргүүсүндө экен. ӨКМдин бөлүгү "биз мындайды карабайбыз" деп коюшту. Азыр кимге кайрыларыбызды билбей калдык. Үйлөрдү сууп каптап такыр болбой калганда өзүбүз аракет көрө баштадык", — деди Алымкулов.
Ушу тапта айылдын көчөлөрү, огороддор жумшарып, жолдор бузулуп жатат. Аймактык кабарчынын тийиштүү кызматтар менен байланышуу аракетинен да майнап чыккан эмес.