Казакстан менен чектешкен аймакта өрт чыгып, түтүнү Бишкекти каптоодо

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуПожар неподалеку от границы Казахстана
Пожар неподалеку от границы Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түтүн болжол менен Канттын жанынан көрүнүп жатат

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Казакстанда Кыргызстан менен болгон чек арага жакын жерде ири өрт чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу күбө билдирди.

Айтымында, ал өрттү айланма жол менен Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй келе жатканда көргөн.

“Казакстандын аймагында чоң өрт чыкты. Кантка болжол менен 10 чакырымдай калганда түтүнүн көрдүк. Ал Бишкекти каптоодо”, — деп жазат окурман.

Казакстандын өзгөчө кырдаал боюнча комитетинин сайтында өрт тууралуу маалымат жок.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0