БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турган балдар үчүн Ысык-Көлгө эс алуу уюштурду. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Балдар Сары-Ой айылындагы "Алтын Булак" пансионатында эс алышкан.
Балдар шаардагы спорттук мелдештерде көрсөткөн ийгиликтери үчүн эс алууга жиберилген. Жалпысынан 30 бала көлгө барып эс алып келишкен.