Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. 5-августта өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй менен Талас облустарында 28…33 градус ысык болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында күндүн температурасы 29…34 градустан жогору болору болжолдонууда. Ысык-Көл менен Нарында 23…28 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте күн 30…32 градуска чейин ысыса, Ош шаарында 32…34 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0