Бишкек мэриясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер көмүр берет

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРабота компании "Восточный Порт" во Владивостоке
Работа компании Восточный Порт во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда пенсионерлер менен майыптарга көмүр жеткирүү иштери башталды

БИШКЕК, 4-агв. — Sputnik. Бишкек мэриясы аз камсыз болгон жарандарга бекер көмүр берилерин маалымдады.

Билдирмеге караганда, Ленин районундагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жыл сайын көмүр берилип келет.

"Кышка карата Ленин районундагы аз камсыз болгон 1478 үй-бүлөгө жардам берүү үчүн 2218 тонна көмүр сатып алынды. Ошондой эле 2017-2018-жылкы жылытуу сезонуна карата 168 адамга бекер отун берилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда пенсионерлер менен майыптарга көмүрдү жеткирүү иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0