БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Быйыл Курман айттын так датасы 20-августтан кийин аныктала турганын муфтияттан билдиришти.
Себеби, айттын күнү айдын жаңырышына карап белгиленет.
Муфтияттан ошондой эле социалдык тармакта жана WhatsApp топторунда "Курман айт 1-сентябрда болот экен" деп тарап жаткан маалыматтар чындыкка коошпой турганын айтышты.
Былтыр Курман айт 12-сентябрга туура келип, бул күнү өлкө боюнча дем алуу күнү деп жарыяланган.