БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өкмөт жакын арада медицина кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселесин карайт. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков калаадагы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына барган учурунда билдирди.
Өкмөт башчы аталган оорукананы бир сыйра кыдырып, анын ичинде жакында эле ачылган кыска мөөнөткө келгендерди кабыл алуу бөлүмүн көрүп чыккан.
"Сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү кесипкөй кадрлар чоң үчүн ролду ойнойт. Квалификациялуу адистерди сактап калуу жана жаңы кызматкерлерди тартуу үчүн аларга татыктуу эмгек акысын киргизүү менен ыңгайлуу жумуш шарттарын түзүү зарыл", — деди Жээнбеков.
Мындан тышкары, өкмөт башчы "Ак-Ордо" жаңы конушунда салынып жаткан орто мектептин курулуш иштери менен таанышып, быйылкы жылы социалдык объектилерди курууга 5,9 миллиард сом багытталып жатканын кошумчалап өттү.