БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарында Audi унаасынын май куюучу багы жарылып кетип, айдоочусу жаракат алгандыгы тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык унаа тетиктерин саткан базарда болгон. Ага болгарканы колдонууда коопсуздук техникаларынын сакталбаганы себеп болгону айтылды.
Айдоочу 3-4-даражадагы күйүк жаракатын алып, Балыкчынын шаардык ооруканасына жеткирилген.