БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бомбалоочу россиялык учактар Уралдан ЖККУнун Канттагы аба базасына учуп келди. Бул туурасында аталган аскердик жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.
Тосмолоп жана бомбалоого ылайыкташкан МиГ-31 БМ төрт миң чакырымды басып, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн аскердик машыгуусуна катышмакчы.
Жаңыланган МиГ-31 БМге заманбап жабдуулар орнотулган, бир эле учурда абадан алты объектини атууга жөндөмдүү. Андан сырткары канаттуу жана баллистикалык ракеталарды атып түшүрө алат.