БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Быйыл ажыга бара турган зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Аравиясына 7-августта учуп кетишет. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жалпысынан 15 каттам болсо, алгачкы үч рейс Бишкек шаарынан учат", — деп билдирди маалымат кызматы.
Быйыл кыргызстандык 4585 жаран ажылык сапарга аттанат.