БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кечээ кечинде болгон катуу шамал Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында төрт үй менен бир нече сарайлардын чатырын учуруп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Шамал кечээ 17:10 чамасында болуп, ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен. Чатырлардан сырткары эки электр түркүгү кулап, электр кубатын берүү үзгүлтүккө учураган", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ райондук электр тармактары бир түркүктү ошол күнү кайра тургузгандыгын, калган иштер бүгүн да улантылып жаткандыгын билдирди.
Маалыматта жабыркагандар жок экендигин айтылды.