Атлантика океанындагы Лонг-Айленд аралынын жанынан ири акула адамдарга кол салуу үчүн катерге секирип, тосмого кептелип калганын британиялык The Daily Mail басылмасы жазып чыкты
Кайра сууга кайтууга аракет кылып, элди ызы-чууга салган жырткычты балыкчылар аркандын жардамы менен түшүрүп жиберишкен.
Окуяны катердегилер видеого тартып алышкан. Анда бошонууга жандалбастаган жырткыч жаракат алганын, оозунан кан агып жатканын көрүүгө болот.