Асрандиев: Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ипотекага насыя бербейт
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ипотекага насыя бербейт. Бул тууралуу аталган фонддун башкармалыгынын мүчөсү Эркин Асрандиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фонд ишкерлерге гана каражат бөлөт.
"Биздин ишкерлер Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан доллар менен беш, сом менен 12 пайыздык үстөктө насыя алышат. Мындан тышкары, кошумча төлөмдөр болбойт. Ипотека, турмуш-тиричиликтери үчүн кредит бербейбиз",— деди Асрандиев.
Ал бир миллион долларга чейин банктар аркылуу, андан өйдө болсо фонддон түз насыя алса боло турганын кошумчалады.