БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин бир катар бөлүгүндө 17 күнгө газ өчөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 27-июлдан 17-августка чейин Махатма Ганди, Саадаев, Ак-Тилек, Мыскал, Сейил, Пригородная, Малышев, Күрөңкеев көчөлөрүндө, Чоң Чүй каналынын аймагы менен Кара-Жыгач токоюнда газ болбойт.
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы бул аракеттердин бардыгы калкты газ менен туруктуу камсыздоо үчүн жасалып жатканын эскертет.