БИШКЕК, 22-Июл. — Sputnik. Москвада кыргызстандык кыз жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигин маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгы 19-июлдун түнүндө Ленинград шоссесинде болгон.
"Каза болгон 22 жаштагы кыз Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Анын сөөгүн туугандары 21-июлда мекенине алып кетишти", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Москва полициясы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Кыргызстандын элчилиги бул маселени өз көзөмөлүнө алгандыгын кошумчалады.