БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү борбор калаанын негизги көчөлөрүндө жарык өчүрүлөрүн "Түндүкэлектро" ишканасынан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, Чүй менен Манас проспектисинде, Киев жана Исанов көчөлөрүндө саат 9.00дөн 18.00гө чейин жарык берүү убактылуу токтотулат.
Аталган ишканадан электр энергиясын убактылуу өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу экендигин билдиришти.