БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда айдоочу уктап кетип даракты сүзүп токтогон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон адам билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 22-июлда саат 9.30дар чамасында Шалба айылында катталган.
"Жолдо бара жатсам адамдар топтолуп туруптур. Унаамдан түшүп барсам, Mercedes Benz даракты сүзүп токтоп турган экен. Ал жердегилер айдоочу уктап кетип кырсыктаганын айтышты. Аны ооруканага алып кетишиптир. Окуя болгон жерге милиция келе болчу", — деди күбө.
Ысык-Көл облустук милициясынын Кайгуул милициясы маалыматты тактап жатат. Жабыркаган айдоочунун абалы тууралуу азырынча маалымат жок.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.