БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы борбордук мечитте муктаждарга 556 миң сом битир-садака таратылды. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Битир-садака арыз, кайрылуулардын негизинде тандалган адамдарга берилген.
"Жардам турмушу оор үй-бүлөлөргө, майыптарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылды", — деп жазылат маалыматта.
Ал эми иш-чарага келбей калган жарандарга каражат үйлөрүнө жеткирилип берилди.