Ысык-Көлдүн жээгинде Highland фестивалы өтүп, жапырт эл бийге түштү

Жазылуу
Чолпон-Ата шаарында биринчи ирет Highland аталышындагы улуттук электрондук музыка фестивалы өттү

Иш-чаранын уюштуруучусу Михаил Могутовдун Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып бергенине караганда, мурда фестивалды көл жээгинде өткөрүүгө шарт жок болгондуктан, Бишкекте гана ишке ашып келген.

"Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүгө сонун шарт түздү. Мурда кайсы пансионат менен сүйлөшсөк деп баш оорутчубуз. Эми фестивалды жыл сайын өткөрүп турууну пландап жатабыз. Менин оюмча бул аркылуу Ысык-Көлгө чет жактардан турситтер көбүрөөк тартылып, жергиликтүү элди дагы кызыктырат", — деди Могутов.

Анын айтымында, быйыл көл жөнүндө үч уламыш алынып, анын негизинде тартылган анимациялык фильм экран аркылуу көрсөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0