00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандагы браконьер туристтер. Тили буруулардын колундагы канжалаган суур, коёндор

© AFP / JEAN-SEBASTIEN EVRARDАңчы. Архив
Аңчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Араб өлкөлөрүнөн келди делген туристтердин майда жаныбарларды атып алуусун броконьерлик катары баалаган Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти окуя болгон жерди тактап жатат

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Атып өлтүрүлгөн майда жандыктарды колуна кармап алып кубанган чет элдик туристтердин видеосу Facebook тармагына колдонуучулардын бири тарабынан жүктөлдү.

Конокторду тосуп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет элдик туристтерди тосуудагы сегиз "болбойт"
Араб тилинде сүйлөп жаткан туристтердин кийген кийимине караганда, алар Араб өлкөлөрүнүн биринен келген.

Алар "Биз учурда Кыргызстанда жүрөбүз. Мына мунун баары Аллахтын бизге берген берекеси. Аллах Таалага мактоолор болсун", — деген маанидеги сөздөрдү айтышкан.

Видеону көргөн интернет колдонуучулары кызыл чеке талашка түшүп жатышат.

Мисалы, Нурбек Мелисов аттуу колдонуучу кептин баары акчада жатканын билдирген.

"Бизде акча төлөгөндөр оюна келгенди кыла берсе болот. Анын эмнесине таң калып жатасыңар? Акча берсе каалаган жаныбарды, каалагандай өлчөмдө атып аласыңар", — деп билдирген.

Ал эми Данияр Жакшылыков атуу колдоонучу Кызыл китепке кирбеген жаныбарларга аң уулоого уруксат берүү — туристтерди тартууга жакшы мүмкүнчүлүк деген пикирде.

"Автор, сен аша чаап жатасың. Бул адамдар аңчылыкка акча төлөштү. Биздин өлкө аларды ушундай жол менен гана тарта алат. Бир коен үчүн булар койдун баасын төлөп беришет! Бул нормалдуу көрүнүш! Эгер булар Кызыл китепке кирген жаныбарларды атса, башка кеп болмок", — деди ал.

Чет элдик туристтердин бул кылганы канчалык мыйзамдуу экенин тактоо үчүн Жаратыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана калыбына келтирүү бөлүмүнүн башчысы Талант Турдуматовго кайрылдык.

Анын айтымында, видеодогу туристтердин иш аракети броконьерлик катары бааланат.

Дикие животные природного заповедника Сарычат-Ээрташ - Sputnik Кыргызстан
Аркардын козусунан тишин көрсөткөн суурга чейин. Ысык-Көлдүн жапайы жаныбарлары
"Туристтердин колунда беш коен, беш суур бар экени көрүнүп турат. Учурда коен атууга уруксат бериле элек. Ал эми суурга уруксат берилгени менен бизге бир дагы чет элдик жаран кайрылып, суур атуу ниетин билдирген эмес. Тилекке каршы, видеодо окуя кайсыл жерде болгону даана билинбей жатат. Ошондуктан жери такталууда. Белгилүү болгондо укук коргоо органдарына кайрылып, ал жакка качан туристтер келип, ким тосуп алганы аныкталат. Алар суурдун ар бир башына доо катары — 1,5 миң, коендукуна — 1 миң сомдон төлөшү керек. Эгер доонун суммасы 20 миң сомдон ашып кетсе, Кылмыш кодексинин негизинде жооп берет", — деди Турдуматов.

Ал ошондой эле жергиликтүү тургундарга "Курал-жаракты башка бирөөгө мыйзамсыз берүү", туристтерге "куралды мыйзамсыз алып жүрүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн экендигин кошумчалады.

Мындан тышкары, Кыргызстанда аң уулоого уруксаат берилген жаныбарлардын баасын бир нече эсеге көтөрүү боюнча токтом долбоору өкмөттө каралып жатканы айтылды.

Бегилей кетсек, аңчылыкка расмий уруксат алган адамдар, анын ичинде чет өлкөлүктөр дагы бир суурга — 250 сом, коенго — 100 сомдун тегерегинде акча төлөшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0