БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. "Оскар" жана "Золотой Глобус" сыйлыктарынын ээси, атактуу актер Николас Кейж Астанага келет. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Кейж менен кошо Голливуд жылдыздары Жон Малкович, Эдриан Броудинин дагы келиши күтүлүүдө.
Дүйнөгө атагы чыккан актерлер 22-28-июль күндөрү Астана шаарында өтө турган XIII эл аралык "Евразия" кинофестивалына катышуу үчүн келгени жатышат.
"Евразия" кинофестивалынын алкагында Казакстан, Орто Азия жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн тасмалары көрсөтүлөт.