БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Сузактын Кара-Дарыя айылында 9 жашар бала сууга киринип жатып чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, баланы куткарууга алты адам тартылып, издөө иштери улантылууда.
Ал эми Нарындын Жаңы-Булак айылында 31 жаштагы жаран Нарын суусуна балык кармаганы барып агып кеткен. Аны издөө үчүн беш каткаруучу тартылган.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда болсо Энилчек — Эчкилиташ унаа жолунда бараткан "Нива" үлгүсүндөгү унаа Сары-Жаз суусуна түшүп кеткен. Натыйжада 34 жаштагы айдоочу сууга аккан. Учурда айдоочуну издөө иштери жүрүүдө.
Оштун Кара-Суу районуна караштуу Октябрь айында 9 жашар кыз Савай каналына агып кеткен. Кызды табуу үчүн ӨКМдин аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн төрт куткаруучу, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 13 куткаруучу тартылды.