БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Борбор калаада дзюдо боюнча жаштар жана кадеттер арасындагы Азия чемпионаты өткөрүлөрүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 13-16-июль күндөрү болмокчу.
Белгилей кетсек, дзюдо боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда быйыл биринчи жолу уюштурулууда.