БИШКЕК, 8-июл. – Sputnik. Кытайдагы Sinogene деп аталган компаниянын окумуштуулары дүйнөдө тунгуч ирет клондолгон итти жарыкка алып келишти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Бигль тукумундагы күчүккө Лун Лун деген ысым ыйгарылган.
"28-майда Sinogene компаниясынын лабораториясында дүйнөдөгү клондолгон биринчи күчүк жарыкка келди. Ал соматикалык клеткалардан жарык дүйнөгө жаралды", — деп айтылган маалыматта.
Кытай — Түштүк Кореядан кийин эле аталган клеткадан клондоо технологиясын өздөштүргөн экинчи мамлекет.