Кувейтте күндүн ысыгынан асфальт эрип, унаанын дөңгөлөгү батып кеткен

© AFP / Yasser Al-Zayyat Сильная пыльная буря в Кувейт-Сити
Сильная пыльная буря в Кувейт-Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Араб өлкөлөрүндөгү аптаптуу ысык адамдарга эле эмес унаа жолдорго зыянын тийгизүүдө

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кувейтте соңку күндөрү катталып жаткан аптаптуу ысыктан жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү асфальтка батып калган. Бул тууралуу Al Arabiya маалыматтык порталы жазып чыкты.

​Соцтармакка чыккан видеодон унаа токтотуучу жайдагы жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү ысыктан эрип кеткен асфальтка батып калганын көрүүгө болот.

Ал видеону жергиликтүү агенттиктердин биринде иштеген журналист Мохамед Хемиш Twitter баракчасын 4-июлда жүктөгөн.

Соңку маалыматтар боюнча Кувейтте бул жумада абанын температурасы 49 градуска чейин жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0