БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин башкы башкармалыгы Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында улут арасына бүлүк салган жана диний ажырымды шарттаган аракеттерди аныктаган. Мындан улам бул ишке шектелип төрт киши кармалган.
"Колго түшүрүлгөндөр Базар-Коргон жана Сузак райондорунун тургундары. Алардын үйлөрүн тинтүү учурунда диний экстремисттик мүнөздөгү адабияттар табылган", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.