БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош автожолуна кызматта турган Кайгуул милициясынын макети коюлганын ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.
Колуна радар кармаган милиционердин макети аталган жолдун 143-чакырымына коюлган. Мындан ары жол кырсыгы көп катталган жерлерге дагы коюу пландалууда.
Былтыр сентябрь айында Ысык-Көлдө дагы кайгуул милициясынын макети коюлган. Мындай кадам айдоочулардын ылдамдыкты азайтуусу үчүн жасалган.