БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Быйылкы жылдын эсеби менен "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна Новосибирскиден алгачкы учак келип конгонун "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Учак Көлдө эс ала турган 78 жүргүнчүнү алып келди.
Новосибирск — Ысык-Көл — Нововсибирск каттамы жумасына бир жолу — шаршемби күндөрү аткарылып турат.
Буга чейин Тамчыга Өзбекстандан акыркы 10 жылдан бери алгачкы ирет туристтер келген.