00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:54
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Ак илбирс” борбору – жапайы жаныбарларды изилдеп, коргоодогу жаңы кадам
11:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как отличить инвестиции от пирамиды и не пожалеть
12:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Орус тили жана Пушкин: маданият, билим берүү жана заманбап окутуу ыкмалары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
21:10
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Видеого эмне тартып атасың?! Айдоочуга жолтоо болгон Кайгуул милиция өкүлү

Жазылуу
Видеонун каарманы Бишкек ШИИБинин Кайгуул милиция башкармалыгынын административдик тажрыйба бөлүмүндө иштээри белгилүү болду.

Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн Кайгуул милициясынын кызматкери ШИИБдин имаратынын ичинде видео тартууга тыюу салууга аракет кылды.

Бул тууралуу видео YouTube порталындагы ПМ-KG каналына жүктөлгөн.

Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте милициядан качкан унаа түркүктү сүзүп токтоду. Күбөнүн видеосу
Видеодо көрүнүп тургадай, алгач телефондун камерасы ары-бери кыймылдап, кийин айдоочуга ачуусу келип эмнеге тартып жатканын сураган киши кадрга түшүп калган. Телефондун ээси видеого жеке максаттары менен тартып жатканын айтып, ага тоскоол болбошун суранат. Ал эми белгисиз адам камерага колун жаңсап, тартууну тез арада токтотушун талап кылган.

Жыйынтыгында аны милициянын формасындагы адам ары жакка алып кетет.

Бул видеонун автору менен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы байланышканда, ал ШИИБдеги досуна документ алууга жардам берип жүргөнүн айтты.

"Бул окуя 3-июль күнү болгон. Айрымдардын айтканына караганда, ал киши көп убактан бери штаттан сырткаркы кызматкер катары иштеп келет экен. Видеого алгач досум тартып жаткан. Качан гана тиги киши телефонду талаша баштаганда, аппаратты мен ала койгом. Анын үстүнөн даттанган жокмун", — деди автор.

Кайгуул милициясынын билдиргенине караганда, видеонун каарманы чын эле Бишкек ШИИБинин Кайгуул милициясында административдик тажрыйба жаатында иштейт.

"Учурда аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", — деп маалымат кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

Ал эми кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлө элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0