БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык актриса жана модель Аида Чоткараева келиндер арасындагы "Аалам сулуусу — 2017" сынагына катышат.
Sputnik Кыргызстан агенттигине улуттук сынактын уюштуруучусу Рысгүл Намазбекова билдиргендей, Аида Чоткараева 2016-жылы биринчи вице-мисс аталып, сынакка катышууга жолдомо алган.
Сулууларды кароо сынагы Түштүк Африка республикасындага Дурбан шаарында 28-августтан 7-сентябрга чейин өткөрүлөт. Дүйнөлүк сынакка жалпысынан 40 келин катышат.
28 жаштагы кыргызстандык Аида Чоткараева актриса жана модель болуп эмгектенет. Ал "Красотка и миллион", "Браво" жана "У любви свои небеса" тасмаларында роль жараткан.
Өткөн жылы аталган сынакта Кыргызстандын намысын 41 жаштагы Наргиза Осмонова коргогон. Сынактын жыйынтыгында "Миссис Бизнесвумен" наамын жеңип алган.