Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Кыргызского Национального драматического театра в Бишкеке
Здание Кыргызского Национального драматического театра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, 36 градуска чейин ысыйт

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жара в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Июль айында аба ырайы кандай болору айтылды
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө күндүн табы 32-35 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 37,  ал эми Ысык-Көл менен Нарында 25-30 градуска көтөрүлөт.

Ош, Бишкек шаарларында күн ысып 36 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0