БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада калкты жана аймактарды чукул кырдаалдардан сактоо темасына арналган илимий-тажрыйбалык конференция өтөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-чарада бул багыттагы алдын ала болжолдоо, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кооптуу делген табигый процесстерди иликтеп аны эсеп-чотко алуу, чукул кырдаалдарды алдын алуу жана ага калкты даярдоо маселелери талкууланат.
Маалымат кызматынан бул конференция "Кыргызстандын куткаруучулар күнүнө карата" өткөрүлүп жаткандыгын айтышты.