БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-июнда, "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунда болгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев корпорациянын ишмердиги менен таанышып, өндүрүш жайларын кыдырып, заводдо чыгарылган атайын продукциялардын, ошондой эле медициналык техниканын жана эл кеңири керектөөчү товарлардын үлгүлөрүн көрүп чыкты.
"Дастан" ТНК ААК башкармалыгынын төрагасы Юрий Васильев президентке заводдун азыркы жумуштары жана акчанын тартыштыгына байланыштуу кыйынчылыктарды, андан сырткары технологиялык процессти модернизациялоо боюнча пландарын айтып берди.
Маалыматта өнүктүрүү фондусунун каражаты ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, экспортко багытталган продукцияны чыгаруучу өндүрүштү модернизациялоого, заводдун атаандашуу жөндөмүн арттырууга көмөктөшөөрү айтылган.