БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Баланын сөз байлыгын өстүрүү үчүн кыргызча сүйлөп, кара жорго "бийлеген" Касым жана Арууке аттуу оюнчук куурчактар чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине идеянын автору Канат Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, оюнчук жаратуу идеясы беш жыл мурда келип, куурчактарды кыргызча сүйлөтүп чыгарууга анын балдары түрткү болгонун кошумчалады.
"Керемет көч" тасмасын жакшы көргөн балам Касым менен кызым Арууке аниматордук тасмадагы Актан, Акылайдын куурчактарын сурашкан. Базар, дүкөндөрдүн баарын карап таппай, келинчегим экөөбүз кыргызча сүйлөгөн оюнчук куурчак жасап көрүүнү туура көрдүк. Экөөбүз тең кол өнөрчүлүк менен алектенгендиктен биз үчүн бул кыйынчылык туудурган жок", — деди Жаныбеков.
Улуттук стилде жасалган оюнчуктар жакын арада борбор калаадагы дүкөндөргө сатыкка чыга баштайт.