БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Польшалык инженер кадимки картошкадан өзү жүрүүчү робот жасагандыгы тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Аны жасаган Марек Бачински картошкага шаймандарды бириктирип жаткан процессти видеого тартып алган.
Алгач инженер картошкага дөңгөлөк менен кыймылдаткычты тагат. Андан соң картошка энергияны топтошу үчүн конденсаторду кошот. Видеодон инженер роботту пульт менен башкарып жатканын көрүүгө болот.
Кызыгы аягында инженер картошканы бышыруу үчүн аны мешке пульт менен башкарып киргизет.