БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Германияда нөл евро номиналындагы купюра чыгарылды. Бул тууралуу Neue Osnabrücker Zeitung басылмасы жазып чыкты.
In Deutschland gibt es einen Null-Euro-Schein – und die Europäische Zentralbank erkennt ihn an. (Foto: dpa)https://t.co/oW9M4aORcD pic.twitter.com/KIyf4l0fa5
— Neue OZ (NOZ) (@noz_de) 23 июня 2017 г.
Маалыматка ылайык, Европалык борбордук банк тарабынан уруксат берилген жаңы акча сувенир иретинде чыгарылган. Германия бийлигинин ою боюнча жаңы акча бирдиги туристтер менен коллекционерлер үчүн баалуу болмокчу.
Белгилүү болгондой, 0 еврого эч нерсе сатып алууга мүмкүн болбогону менен кадимки акча сымал баалуу кагаздан даярдалган.
Анын бир купюрасы 2,5 евродон сатылат. Учурда купюранын беш миң көчүрмөсү чыгарылды.
Акча бирдигине 1958-жылкы "Горх Фок II" кемесинин сүрөтү түшүрүлгөн.