Бишкекте рулда бараткан 14 жашар бала жол кырсыгына кабылды

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны өспүрүм бала Горький көчөсү менен айдап бараткан.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкекте рулда бараткан 14 жашар айдоочу жол кырсыгына кабылып, беш киши жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Авария 24-июнда түнкү саат 23.00дөрдө катталган. Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны өспүрүм бала Горький көчөсү менен айдап бараткан. Ал Жукеев-Пудовкинге кайрылганда Mazda Premacy унаасын кагып алган.

Кырсыктын кесепетинен беш адам жабыркаган. Унаа айып короого токтотулду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0