Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атабаев: битир-садаканы бөлүштүрүү иши менен атайын комиссия алектенет

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМуфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозо айында өлкө аймагындагы бардык мечиттер жардамга муктаждардан арыз кабыл алган.
Атабаев: битир-садаканы бөлүштүрүү иши менен атайын комиссия алектенет

Элден чогултулган битир-садака атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен колунда жок же ден соолугу начар жарандарга тапшырылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында битир-садаканы чогултуу, бөлүштүрүү иштерин атайын комиссия көзөмөлдөйт.

"Орозо айында бардык казы, имам-хатиб жана имамдар калктын аялуу катмарынан арыз кабыл алышты. Мына ошонун негизинде кайрылгандарга жардам берилет. Ошондой эле ооруканаларга, карылар үйүнө жана тез даарыланууга муктаж болгондорго колдоо көрсөтүлөт", — деди Атабаев.

Андан сырткары, ал Өзгөндө көчкүдөн жана Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга материалдык колдоо көрсөтүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, муфтият буга чейин битир-садаканын бирдиктүү баасын бекиткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0